Кыргызстанда «Абитуриент Online» маалыматтык системасы иштелип чыкты

15.07.2020, 16:50 Акчабар
Кыргызстанда «Абитуриент Online» маалыматтык системасы иштелип чыкты

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандагы абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Ага байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги бул жараянды ишке ашырчу «​Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул система абитуриенттерди онлайн кабыл алууда биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт.

Система абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат, кабыл алуунун сапаты жана ачык-айкындуулугу, тазалыгы жогорулайт. Ошондой эле ЖОЖдордун кабыл алуу комиссиясынын иши оптимизацияланат.

Тэги: Кыргызстан Абитуриент Online

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть