Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

03.09.2020, 09:00 Акчабар
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Эл аралык чукул жардам жөнүндө“, „Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө“, „Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам өзгөчө кырдаал жана /же аскердик чыр-чатак келип чыккан учурда дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен эл аралык өзгөчө жардам көрсөтүүнүн укуктук негиздерин белгилейт.

Бул Мыйзам менен «Эл аралык чукул жардам жөнүндө», «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө», «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам менен өзгөчө кырдаал жана /же аскердик чыр-чатак келип чыгуунун натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык жардам көрсөтүүдө эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөр жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалар түздөн-түз колдонууга ниеттенген дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар Кыргыз Республикасынын аймагында катталууга жатпайт.

Ошону менен бирге мындай дары-дармек каражаттарынын сапаты баалоодон өтүшү керек.

Ошондой эле Мыйзам менен мындай дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар талаптагыдай сапатын камсыз кылган; мыйзамсыз ыйгаруудан жана кыянаттык менен пайдалануудан коргоо шарттарында ташылышы жана сакталышы керек экендиги каралат. Мында эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөр жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалардын жооптуу адамдары колдонулган дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар өзгөчө кырдаалда жабыр тарткандардын керектөөлөрүнө жана жашоо-турмуш шарттарына ылайык экендигине жана алардын өмүрүн жана ден солугунун коопсуздугун камсыз кыларына жазуу жүзүндөгү кепилдик берүүгө милдеттүү.

Мыйзам менен көмөк көрсөтүүчү мамлекеттин эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөрү жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалары өзгөчө кырдаал жана /же аскердик чыр-чатак келип чыгуунун натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык жардам көрсөтүүдө түздөн-түз колдонууга ниеттенген дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга бул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, маркировкалоонун башка системасына жол берилери белгиленет.

Тэги: мыйзам акты президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть