Кыргызстанда доллардын наркы кайрадан көтөрүлдү

30.03.2020, 13:30 Акчабар
Кыргызстанда доллардын наркы кайрадан көтөрүлдү

Коммерциялык банктарда доллар 81 сомдон сатылып жатса, ал эми 80 сомдон сатып алынууда.

Белгилей кетсек, мурдараак доллар кескин түрдө кымбаттап, 73 сомдон 85 сомго чейин көтөрүлгөн. Улуттук банк жүргүзгөн интервенциядан соң, доллар 78 сомго чейин ылдыйлаган.

Евронун курсу - сатуу 92 сом болсо, сатып алуу 88 сомду түзүүдө. Ошону менен бирге рублдин курсу да өстү. Бүгүнкү күндө рубль 1,06 сомдон сатып алынып жатса, 1,01 сомго сатылууда.

Эскерте кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу мунайдын баасынын кескин түшүп кеткендиги үчүн доллардын курсу жогорулаган. Бул россия рублине жана казак теңгесине таасирин тийгизип, кыргыз сомун да четке калтырган жок.

Тэги: Кыргызстан доллардын наркы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть