Кыргызстанда 208 киши качкын макамын алган

07.03.2020, 12:00 Акчабар
Кыргызстанда 208 киши качкын макамын алган

Кыргызстанда 208 киши качкын макамын алган. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып качкындардын көбү Кыргызстанда соода-сатык менен алектенерин айтты.

«208 адамдын ичинен 96сы Ооганстандан, 79у Сириядан, 24 киши Украинадан, эки киши Ирандан, бирөө Ирактан, төртөө Мароккодон келген. Тажикстан, Түркмөнстан, Эфиопиядан бирден адам бар».

Кыргызстанда «Качкындар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Ага ылайык, Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыш иши үчүн соттолгондорго, мурда качкын макамын алып кайра өз өлкөсүнө туруктуу жашоо үчүн кеткендерге качкын макамы берилбейт.

Кыргызстанда чет элдиктерге качкын макамын берүү жараяны алты айдан бир жылга чейин уланат. Макам алган киши үч жылдан соң жарандыкка документ тапшырса болот. Алар кыргыз жарандарындай эле укуктарга ээ. Болгону шайлоого катыша албайт жана күч түзүмдөрүнө иштөөгө жол берилбейт.

Тэги: Кыргызстан качкын макамы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть