Кыргызстан менен Корея энергетика тармагында кызматташууну талкуулады

28.09.2020, 15:00 Акчабар
Кыргызстан менен Корея энергетика тармагында кызматташууну талкуулады

2020-жылдын 25-сентябрында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын бир катар компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен коронавируска каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо жана энергетика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Жолугушууда түштүк кореялык тарап өздөрүнүн компанияларын жана Кореяда өндүрүлгөн беткаптарды тартуулашты. Элчи Кыргызстандын жагымдуу инвестициялык потенциалы, ошондой эле коронавируска каршы күрөштөгү кырдаал жөнүндө кыскача маалымат берип, Кыргызстандын аймагында медициналык багыттагы буюмдарды жана маскаларды чыгарууну жолго салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды», - деп айтылат маалыматта.

Earth Energy Korea президенти, ошондой эле «Korea Ubiquitous Society» кеңешчиси Ким Джон О менен энергетика тармагындагы мүмкүн болгон долбоорлорду жана Кыргызстанда ГЭСтин курулушун талкуулашты.

«Ким Джон О Кыргызстанга болгон кызыгуусун белгилеп, Кореялык компаниялардын инвестицияларын биздин өлкөгө тартууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал бизнес-форумдарды уюштуруу менен кыргыз жана корей компанияларынын ортосунда байланыш түзүү идеясын колдоду», - деп кошумчалашты элчиликтен.

Тэги: Кыргызстан Корея элчи Динара Кемелова Түштүк Корея

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть