Бул жумада Кыргызстанга 550 кычкылтек концентратору келет

07.07.2020, 15:10 Акчабар
Бул жумада Кыргызстанга 550 кычкылтек концентратору келет

Бул жумада Кыргызстанга 550 кычкылтек концентратору келет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Бизде жасалма дем алдыруучу аппаратка караганда кычкылтек концентраторуна көбүрөөк муктаждык жаралды. Азыр бул маселе чечилип жатат. Жакынкы күндөрү эле кычкылтек концентраторлорун алууга жетиштик. Өткөн аптада бюджеттин эсебинен Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынды. Андан тышкары Өзбекстандан, Түркиядан келди. Ошондой эле Москвадага биздин ишкер жарандарыбыздын жардамы менен алынган аппараттар да иштетилип баштады. Бюджеттин эсебинен дагы кычкылтек концентраторлору алынууда. Эртең Кытайдан 250 кычкылтек концентратору келет. Андан кийин жума күнү 300 кычкылтек концентратору келет», - деди ал.

Тэги: Кыргызстан маалымат жыйын жасалма дем алдыруучу аппарат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть