Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

11.05.2020, 17:15 Акчабар
Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

Кытай гуманитардык жардам катары Кыргызстанга медициналык каражаттарды берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Кытай Өкмөтү чартердик каттам менен 100 000 даана ПЧР-тест, медициналык көз айнек - 30 000, N95 бет кап - 30 000, медициналык бет кап - 150 000, термометр 1000 даана өлкөгө жеткирип берди.

«Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга Кытайдын медициналык эксперттик тобу келип кеткен. Алар саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин окутуп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп кеткен. Берилген гуманитардык жардам жарандардын ден соолугуна алып келген коркунучтарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү шарттайт. Берилген гуманитардык жардам үчүн Кыргыз өкмөтүнүн атынан Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирем», - деди Акрам Мадумаров.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында Кыргызстан биринчилерден болуп Кытайга гуманитардык жардам бергенин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коргоочу медициналык жабдууларды берген.

Тэги: КР Кытайдагы Элчилиги Кытай гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть