Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

27.05.2020, 09:33 Акчабар
Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 26-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И мырзанын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Министр Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө кыргыз тарабына такай гуманитардык жардамдарды көрсөтүп жатканы үчүн кытай тарабына ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечектерин, анын ичинде, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу маселелерин, ошондой эле кыргыз-кытай биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн КЭРден адистердин келүүсүн жана кыргыз экологиялык таза продукциясын КЭРге экспорттоону талкуулашты.

Коронавирустук инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин эске алып, КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыз жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Тэги: ТИМ КР Кытай Ван И мырза

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть