Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда түз аба каттамдар жандандырылышы мүмкүн

22.09.2020, 12:00 Акчабар
Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда түз аба каттамдар жандандырылышы мүмкүн

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев «Gerry's Group» компаниясынын корпоративдик жана эл аралык байланыштар боюнча аткаруучу директору Мохсин Жамил менен жолугушту.

[news 28224]

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу 2020-жылдын 18-сентябрында Исламабад шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, туристтик потенциалды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн биргелешкен инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу контекстинде Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Gerry's Group компаниясы авиациялык тамактануу жана жүк ташуу жагынан Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларына бир катар артыкчылыктарды берүүгө даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Gerry's Group авиациялык кызматтардын кеңири түрүн сунуш кылган алдыңкы эл аралык компания.Пакистандагы Gerry's Group ЕС, ДБ, АКШ, Канада, Кытайдан келген 11 ири эл аралык авиакомпанияларды тейлейт жана 1989-жылдан бери FedExтин Пакистандагы расмий өкүлү болуп саналат.

Тэги: Пакистан Кыргызстан Gerry's Group Мохсин Жамил Исламабад шаары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть