Кыргызстанга ПЧР-тесттер түркиялык компаниялардан сатылып алынат

11.09.2020, 12:30 Акчабар
Кыргызстанга ПЧР-тесттер түркиялык компаниялардан сатылып алынат

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрь күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ПЧР-тесттерди чыгарган түркиялык «DS Bio ve Nano Teknolojileri A.Ş.»компаниясынын башкы директору Динчер Шен менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ПЧР-тесттерин ыңгайлуу баада Кыргызстанга жеткирүү боюнча макулдашууга жетишишти. Ошол эле учурда, түрк компаниясы кыргыз адистерин окутуу үчүн өз адистерин бир жумага жиберүүгө жана кийинчерээк ПЧР анализин жүргүзүү үчүн QPCR жабдууларын өткөрүп берүүгө даяр экенин белгиледи», - деп билдирет элчилик.

Өмүралиевдин суранычы боюнча компаниянын башкы директору Динчер Шен Кыргызстанда ПЧР тестирлөөнү жүргүзүү үчүн толук кандуу лаборатория ачууга жана Кыргызстандын аймактарында тестирлөөнү жүргүзүү үчүн көчмө лабораторияны жабдууга даяр экендигин билдирген.

Тэги: Кыргызстан Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев ПЧР-тесттер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть