Кыргызстанга Түштүк Кореядан эки ПЧР-аппараты алынып келинди

04.06.2020, 11:30 Акчабар
Кыргызстанга Түштүк Кореядан эки ПЧР-аппараты алынып келинди

Кыргызстанга Түштүк Кореядан эки ПЧР-аппараты керектүү медициналык каражаттар менен биргеликте алынып келинди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Анын бирөөсүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына орнотуп, жайкы туристтик эс алуу учурунда толук кандуу иштей турган лаборатория уюштурууну пландап жатабыз. Сырттан келген медициналык аппараттардын жардамы менен лабораториялардын потенциалын күчөтүү иштери жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылып жатат», - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 4-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1899 учур катталды. Алардын ичинен 372си медицина кызматкери. Илдеттен 1292 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Тэги: Кыргызстан Түштүк Корея ПЧР-аппарат медициналык каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть