Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь айында 352.4 млн $ түзгөн

11.03.2021, 13:00 Акчабар
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь айында 352.4 млн $ түзгөн

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь айында 352.4 млн долларды түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 27.5% төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Муну менен катар республиканын экспорттук жеткирүүлөрү 11.5%, импорт — 32.1% төмөндөгөн.

Кыргызстандын Евразия экономикалык бирикмедеги өлкөлөр менен болгон өз ара соодасы дагы төмөндөдү. Бул убакыт аралыгында бирикмедеги өлкөлөр менен Кыргызстан 169.4 млн долларга соода жүгүрткөн, бул өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 19.7% төмөн. Эксопрт -20%, импорт -19.6% азайган.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБдеги мамлекеттердин ичинен Россия менен Кыргызстандын 2021-жылдын январь айына карата соодасы 74.4% жана Казакстан менен жүргүзгөн соодасы 23.6% түзгөн.

Тэги: тышкы жана өз ара соода Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть