Кыргызстандын ИДПда товар чыгаруу 5.1 пайызга көбөйгөн

14.07.2020, 11:30 Акчабар
Кыргызстандын ИДПда товар чыгаруу  5.1 пайызга көбөйгөн

2020-жылдын январь-июнь айларында ИДПнын түзүмүндөгү үлүштүн басымдуу бөлүгү кызмат көрсөткөн тармактарга туура келип, ал 47.8 пайызды түзгөн. Аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убакытына салыштырмалуу 0.8 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин материалдарында айтылат.

Ошол эле убакта, аталган убакыт ичинде ИДПнын түзүмүндөгү товар чыгарган тармактардын үлүшү тескеринче 5.1 пайызга көбөйүп, 41.1 пайызды түзгөн.

Өнөр жайдын ИДПдагы үлүшүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 4.7 пайызга көбөйүп, 25.3 пайызды түзгөн. Айыл-чарба тармагында дагы өсүү 0.8 пайызды түзүп, жалпы өсүү 9,4 пайыз болгон. Ал эми курулуштун үлүшү 0.4 пайызга төмөндөп, 6.4 пайызды түзгөн.

Тэги: ИДП Кыргызстан товар чыгаруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть