2019-жылдын 10 ай ичинде 126 миң кылмыш иши катталган

05.12.2019, 15:36 Акчабар
2019-жылдын 10 ай ичинде 126 миң кылмыш иши катталган

2019-жылдын акыркы 10 айында 126 миң кылмыш катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 447 кылмышка көп. Бул тууралуу ИИМ Кашкар Жунушалиев билдирди.

Андан сырткары, ал оор кылмыштардын санынын өскөнүн дагы айтты. «ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү катталган. Быйыл 136 УКТ мүчөсү камакка алынды, мурдатан издөөдө жүргөн 13 уюшкан топтун мүчөсү кармалды», - деди ал.

Буга байланыштуу ондон ашуун кеңешмелерди өткөргөнү, мыйзамдын аткарылышы жаатында бир катар иштиктүү чечимдер кабыл алынганы, уюшкан кылмыштуу топторду уюштуруу фактылары боюнча 6 кылмыш иши козголуп, 1 иш сотко өткөрүлгөн.

Министр «Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыкканын билдирди.

Тэги: кылмыш иш 10 ай ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть