Кыргызстан Австрияга айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен тармактарында кызматташууну сунуштады

30.01.2020, 10:30 Акчабар
Кыргызстан Австрияга айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен тармактарында кызматташууну сунуштады

2020-жылдын 28-январында Австриянын Вена шаарында Кыргызстан менен Австриянын эки тараптуу сырткы экономикалык байланыштар боюнча аралаш комиссиясынын 7-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин басама сөз кызматы кабарлады.​

Аталган отурумда тараптар иштердин учурдагы абалын талкуулап, ошондой эле Аралаш Комиссиянын соода-сатык, инвестициялар, санариптештирүү, энергетика, инфраструктура жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында жүргүзгөн алтынчы жыйындын жыйынтыктары чыгарды.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарап өзгөчө кырдаалдарды ликвидациялоо жана алдына алуу, айыл-чарба жана тамак-аш тармагы, тоо кен, туризм жана билим берүү багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Европа биримдиги ортосундагы экономикалык мамилерердин маанилүүлүгүн белгилеп, азыркы күндө кызматташтык жана шериктештик тууралуу бекитилген тереңдетилген жана алдын ала тастыкталган макулдашуунун арты менен жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгонун, Евро биримдигинин Борбор Азия мамлекеттери боюнча жаңы Стратегиясынын, жана аталган региондогу аймактык кызматташууну кеңейтүү тендециясы канчалык деңгээлде маанилүү экендигин баса белгилешти.

Тараптар ЕККУ менен Борбор Азиядагы экономикалык жана экологиялык мейкиндикти бекемдөө боюнча биргелешип иш алып барууну улантуу чечимине келишти.

Акырында жыйындын Протоколоуна кол коюлду.

Жетишилген сүйлөшүүгө ылайык, Кыргызстан менен Австриянын эки тараптуу сырткы экономикалык байланыштар боюнча аралаш комиссиясынын сегизинчи отуруму Кыргызстанда өтөт.

Маалымдама: Кыргызстан менен Австриянын эки тараптуу сырткы экономикалык байланыштар боюнча аралаш комиссиясы Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасы ортосунда 1995-жылдын 30-январында бекитилген эки тараптуу сырткы экономикалык байланыштар тууралуу 13 Келишимге ылайык түзүлгөн.

Тэги: кыргыз-автрия экономика форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть