Кыргыз-казак чек арасында топтолгон унаалардын саны азайууда

21.04.2022, 14:17 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасында топтолгон унаалардын саны азайууда

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны азайууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-апрель саат 12:00гө карата “Ак-Тилек” өткөрмө пунктунда - 67, “Чалдыбар” өткөрмө пунктунда - 53, “Чоң-Капка” өткөрмө пунктунда - 60 оор жүк ташуучу машина турат.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолуусу боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары Бахыт Султановдун сүйлөшүүсүнөн кийин жогоруда аталган өткөрүү пунктарында турган унаалардын саны бир топ азайды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 20-апрелде Кожошев менен Султановдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдүн эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча чараларды кабыл алууну макулдашылган.

Ал эми буга чейин Чек ара кызматы казак тарап жогорудагы өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унааларды жайыраак текшерип жаткандыктан унаалар топтолуп калып жатканын маалымдаган.

Тэги: кыргыз-казак чек арасы оор жүк ташуучу унаалар чек ара кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть