Учурда кыргыз-кытай чек арасы менен бирге «Манас – Үрүмчү» аба каттамдары дагы токтотулган

21.02.2020, 15:30 Акчабар
Учурда кыргыз-кытай чек арасы менен бирге «Манас – Үрүмчү» аба каттамдары дагы токтотулган

Учурда «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайлары жабык. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-кытай чек арасы менен бирге «Манас – Үрүмчү» аба каттамдары да убактылуу токтотулган.

«Кыргыз-кытай чек арасында абал туруктуу. 28-январдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик чек арадан 876 кыргыз жараны өттү. Алардын көбү Кытайда окуган кыргыз студенттери, калгандары жеке иштери менен өткөн жарандар. Андан тышкары, 363 кытай жарандары үчүнчү мамлекеттен биздин мамлекетке киргендер. Алар Кыргызстандан Жаңы жыл учурунда чыгып, анан кайра ишине келген кытайлык жарандар», - дейт Алимбаев.

Тэги: Кыргыз-кытай чек ара аба каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть