Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарга кошумча күч тартпоо макулдашылды

12.04.2022, 14:55 Акчабар
Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарга кошумча күч тартпоо макулдашылды

Бүгүн “Кызыл-Бел” – “Гулистон” өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана чек аралаш аймактардагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Сүйлөшүүнүн натыйжасында:

  • Чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат суу, жазгы талаа жана чарбачылык маселелери боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү. Аталган комиссия эртең, 13-апрелде, Лейлек районунун аймагында жолугушуп, өз жумуштарын баштайт;
  • Чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө;
  • Ошондой эле чек арага жакын аймактарга кошумча күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашылды.

Тэги: чек ара Тажикстан Кыргызстан макулдашуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть