Кыргыз темир жол ооруканасына ай сайын 160 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлүүдө

23.07.2020, 15:13 Акчабар
Кыргыз темир жол ооруканасына ай сайын 160 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлүүдө

Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргыз темир жол ооруканасына жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, пандемияга каршы күрөшүүгө салым кошуу максатында министрлик 45 миң сом өлчөмүндөгү каражатты Саламаттыкты сактоо министрлигине которгон.

«Министрликке темир жол ооруканасы бөлүнгөн. Биз оорукананын стационарына “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” ишканасынын каражатына 1 миң даана жеке коргоочу медициналык комплектерди алдык. Бишкек шаарында пандемия мезгилинде иштеп жаткан кызматкерлерге компенсациялык кошумча төлөмдөрдү уюштуруу үчүн темир жол ооруканасына ай сайын 160 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам көрсөтүлүүдө. Жардам эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин көрсөтүлөт», - дейт ал.

Бейшенов Транспорт жана жолдор министрлиги «Биргеликте» ыктыярчылар тобуна жардам берип жаткандыгын айтты.

«Атап айтканда, аталган ыктыярчылар тобунун мүчөлөрүн биздин кичи мейманканага акысыз жайгаштырдык, баардык шарты менен 11 бөлмө 22 орундук берилди», - деди министр.

Тэги: транспорт жолдор министрлиги Кыргыз темир жол оорукана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть