«Кыргызнефтегаздын» алты айлык кирешеси алгачкы жолу 950 млн сомго жетти

09.08.2021, 10:45 Акчабар
«Кыргызнефтегаздын» алты айлык кирешеси алгачкы жолу 950 млн сомго жетти

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 949 миллион 500 миң сом баланстык киреше тапты. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 50% дан ашкан. Бул тууралуу “Акчабарга” ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, былтыркы жылдын алты айындагы киреше көрсөткүчү 361,5 миллион сом болгон. Ошондой эле нефтини өндүрүү планы быйылкы жылдын алты айында 64 миң 099 тонна каралса, иш жүзүндө план 18 миң 434 тоннага ашыкча өндүрүлгөнү маалым болду.

Мындай көрсөткүчтү ишкана алгачкы жолу аткарып, белгиленген пландан 503 млн 600 миң сомго көп киреше тапты.

Тэги: Кыргызнефтегаз киреше план нефти

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть