Кыргызстандан 100 миңге жакын медициналык беткапты алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

13.03.2020, 15:00 Акчабар
Кыргызстандан 100 миңге жакын медициналык беткапты алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Бүгүн, 13-мартта «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Казакстанга беткапты аткезчилик жолу менен алып бара жаткан кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, «Чоң-Капка» бекетинде 1987-жылы туулган И.К. аттуу кыргыз жараны башкарган «Volvo FM12» унаасын текшерүү учурунда кургатылган жемиштер салынган каптарга катылган беткаптар табылган. Анда тиешелүү документтери жок 95 миң 600 даана беткап аныкталган.

Беткаптардын жалпы суммасы 1 млн 400 миң сомдон ашкан.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин айдоочу жана жүк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

КРнын өкмөтүнүн №57 токтомуна ылайык, ушул жылдын 3-февралынан тарта медициналык дары-дармектер жана каражаттарды алты айга чейин Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салынган.

Тэги: Кыргызстан Беткап

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть