Кыргызстан Doing Business 2020 рейтингинде реформатор-өлкөлөрдүн ТОП-20 кирди

02.10.2019, 10:11 Акчабар
Кыргызстан Doing Business 2020 рейтингинде реформатор-өлкөлөрдүн ТОП-20 кирди

Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банк тарабынан жарыяланган Doing Business 2020 («Бизнес жүргүзүү») рейтингинде реформатор-өлкөлөрдүн ТОП-20 кирди.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы «Электр түйүндөргө кошулуу», «Салык төлөө» жана «Насыя алуу» көрсөткүчтөрүн жакшыртты.

Аны менен бирге «электр түйүндөргө кошулуу» көрсөткүчтөрү өчүрүүлөрдү көзөмөлдөө жана инфратүзүмдөрдү модернизациялоонун эсебинен жакшырды.

Изилдөөдө ошондой эле кредиттик бюролордун иш тутумун жакшыртуу жана отчеттуулук жана салык төлөө процедураларын жеңилдетүү аркылуу «насыя алуу» көрсөткүчү боюнча жасалган реформалар белгиленди.

Дүйнөлүк банк реформатор ТОП-20 өлкөгө быйылкы жылы бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиктеринин жалпы көрсөткүчүнө киргизилген үч же 10дон ашуун чөйрөсүндө жеңилдетүүчү реформа жасаган өлкөлөрдү тандайт. Бизнес жүргүзүүнү татаалдаштырган ченемдик өзгөрүүлөр аны жеңилдеткендердин катарынан чыгарылат. Эң мыкты жакшыртылган экономикалар үчтөн кем эмес реформа жасагандардын арасында бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү көрсөткүчтөрүндөгү кыйла жакшыруулар аркылуу аныкталат.
Doing Business 2020 рейтингинин расмий бет ачары 2019-жылы октябрдын соңунда өтөт.
Маалымдама: Реформаларды мындан ары карай жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2019-2020-жылдарга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн позицияларын жакшыртуу боюнча Иш-чаралар планы ишке ашырылууда.

2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, биздин республика 2023-жылы «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча дүйнөнүн алдынкы 40 өлкөсүнүн катарына кирүүгө тийиш.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөрүн 7-позицияга жогорулатып, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеген. Doing Business («Бизнес жүргүзүү») долбоору дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести жөнгө салуу мыйзамдарына жана алардын колдонулушуна баа берет.

Булак: Кабар

Тэги: Кыргызстан Doing Business 2020 топ-20

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть