Кыргызстанда абанын ысып кетишин шарттаган химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт

28.02.2020, 17:30 Акчабар
Кыргызстанда абанын ысып кетишин шарттаган химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт

Жогорку Кеңеште «Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда Кыргызстандан озон катмарын сактоо боюнча жаңы милдеттерди аткаруу босогосунда турат. Эл аралык деңгээлде гидрофторуглероддорду, анын ичинде хлорфторуглероддорду жана гидрофторуглероддорду алмаштырган жана муздатуучу жабдууларда, абаны анын ичинде автотранспортту кондиционерлөө секторунда кеңири колдонулуп жаткан R-134a, R-404a, R-407C, R-410A, R-507C жана башкаларды жүгүртүүдөн чыгарып салуу башталууда.

Монреаль протоколунун жаңы эрежелери боюнча ар бир өлкө гидрофторуглероддорду жүгүртүүдөн чыгарып салуунун графигин алат. Жогоруда аталган Кигали шаарында кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 2024-жылдан баштап, гидрофторуглероддорду жөнгө салуу башталат. Башкача айтканда, озонду бузуучу заттарды белгилүү бир өлчөмдө баштап өлкө аймагына алып келүүгө тыюуу салынып башталмакчы.

Депутат Абдывахап Нурбаев Өкмөттүн кароосуна таза аба боюнча эки мыйзам долбоору жиберилгенин, корутунду берүү мөөнөтү 20-январда эле аяктаганын, бирок Өкмөттүн корутундусу эмдигиче түшө электигин билдирди. «Таза аба менен озон катмарын коргойбуз дейсиңер, ошондой эле маселелерди көтөргөн депутаттардын демилгелерин кароону тездетпейсиңерби», - деп кошумчалады ал.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Мирслав Аманкулов депутаттар тобунун мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн корутундусун жакын арада алып келүүгө убада берди.

Тэги: Кыргызстан аба катмары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть