Кыргызстан АӨБдан 50 млн доллар өлчөмүндө бюджеттик жардам алышы мүмкүн

24.03.2022, 16:39 Акчабар
Кыргызстан АӨБдан 50 млн доллар өлчөмүндө бюджеттик жардам алышы мүмкүн

Финансы министри Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин аткаруучу директору Ариф Бахарудин менен жолугушуп, тараптар Кыргызстандын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, АӨБ менен кызматташуунун стратегиялык багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары, тараптар Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы өз ара аракеттенүү, анын ичинде 2022-2024-жылдарга пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууда АӨБ тарабынан жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

АӨБ тарабынан эрте ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу пландаштырылган долбоорлор белгиленди, анын ичинде:

  • 50 млн доллар өлчөмүндө бюджеттик жардам алуу максатында 2022-жылы Экономиканы диверсификациялоо программасын ишке ашыруу (Экономиканы диверсификациялоого көмөктөшүү программасы – 3-подпрограмма);
  • Электр унааларын жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча долбоорлорду ишке киргизүү, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча каражаттарды жана эксперттерди тартуу.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү жана алдыдагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Тэги: Ариф Бахарудин Азия өнүктүрүү банкы бюджеттик жардам алуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть