Кыргызстанда керектөө бааларынын эң жогорку өсүшү Нарында катталды

13.04.2022, 12:09 Акчабар
Кыргызстанда керектөө бааларынын эң жогорку өсүшү Нарында катталды

Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 5 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголдуу ичимдиктерге 7,7 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга жана тамекиге- 6,5 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга - 3,3 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 1,7 пайызга өсүүлөрү байкалды.

“Январь-март айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын баардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (6,0 пайыз) Нарын облусунда катталган. Мунун себеби башка аймактарга караганда алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге болгон баа 15,8%га өсүшү менен байланыштуу”,- деп түшүндүрүлөт статистика комитеттинин маалыматтында.

Тэги: керектөө баалары алкоголдуу ичимдиктер тамак-аш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть