Кыргызстан менен Чехия ортосундагы кош салыкты алып салуу боюнча келишим ратификацияланууда

19.02.2020, 11:30 Акчабар
Кыргызстан менен Чехия ортосундагы кош салыкты алып салуу боюнча келишим ратификацияланууда

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Чехия Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул келишим Кыргызстан менен Чехиянын салыктык мыйзамдарында бири бирине карата жалпы мамилелерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болот. Ошондой эле, эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөдө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүнүн бирдиктүү формасы болуп саналат.

«Эки өлкөнүн ишкерлери, мисалы, Кыргызстанда иштеп пайда салыгын төлөсө, Чехияга төлөбөйт. Башкача айтканда, кош салыктан кутулат. Андан башка беш пайыздык дивиденд да каралган. Ошондой эле эгерде биздин студенттер Чехияда окуп, Кыргызстандан стипендия алса, ал жакка салык төлөбөйт. Автордук укук боюнча гонорарынан да алынчу салык - роялти көрсөтүлгөн, анда чыгармачы адамдар, илимпоздор гонорар алгандан кийин эки тарапка тең киреше салыгын төлөбөйт», - деди экономика министринин орун басары Дастан Кадыров.

Депутат Бахадыр Сулейманов эки өлкөнүн ортосундагы азыркы соода-экономикалык абалына, товар жүгүртүүнүн көлөмүнө кызыкты.

Баяндамачынын айтымында, Чехиядан ар кандай техникалык жабдуулар, айнек буюмдары алынып келинет, ал эми Кыргызстан айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоп жатат.

Эске салсак, Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 27 чехиялык компания катталса, анын ичинде 8 компания жигердүү иш алпарууда.

Тэги: Кыргызстан Чехия кош салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть