Кыргызстанга расмий визит менен ЕЭКтин төрагасы Михаил Мясникович келет

03.02.2020, 17:50 Акчабар
Кыргызстанга расмий визит менен ЕЭКтин төрагасы Михаил Мясникович келет

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен 4-февралда Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Бишкекке келет. Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарындаЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Тэги: Кыргызстан расмий визит төрага

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть