2020-жылдын 4 айында Кыргызстандын ИДПсы 3,8%га төмөндөгөн

14.05.2020, 17:00 Акчабар
2020-жылдын 4 айында Кыргызстандын ИДПсы 3,8%га төмөндөгөн

2020-жылдын январь-апрель айында Кыргызстандын ички дүң продуктысы (ИДП) алдын ала эсеп боюнча өткөн жылдын 4 айына салыштырмалуу 3,8 пайызга төмөндөп, 148,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитетинен билдиришкендей, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү былтыркы жылдын январь-апрель айына караганда 4,6 пайызга төмөндөп, 128,7 млрд сом болгон.

«ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү, негизинен, өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнө байланыштуу болду», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Кыргызстан ИДП Улуттук статистика комитети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть