«Кыргызстан калкынын жашоо деңгээли» статистикалык жыйнагы жарыкка чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Статистика комитетинен белгилешкендей, басылмада демографиялык абал, үй чарбалардын акчалай киреше жана чыгашалары, жакырчылык деңгээл, турак-жай шарттар, саламаттыкты сактоо, билим берүүнү, пенсия жана жөлөк пул тууралуу жана башка маалыматтар камтылган.