Финансы полициясы Мамлекеттик чек ара кызматкерлери менен бирге медициналык беткапты Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүүгө аракет кылгандарды аныктады.
«Ак-Тилек» өткөрүү пунктунан тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканда, 4 миң медициналык беткапты өткөрүп бара жаткан жаран эч кандай тийиштүү документтерди көрсөтө алган эмес.
Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске сала кетсек, өкмөт медициналык беткап жана дары-дармектерди өлкөдөн ташып чыгууга жарым жалгы тыюу салган.