Кыргызстан Пакистан менен экономикалык байланышты жакшыртууга кызыкдар

05.04.2022, 12:19 Акчабар
Кыргызстан Пакистан менен экономикалык байланышты жакшыртууга кызыкдар

Дүйнөлүк Соода Уюмунун Штаб-квартирасында Кыргызстан Пакистандын Соода саясатынын серепине катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлү Нурбек Максүтов билдирди.

Максутов Пакистандын Соода министри Мухаммад Суале Ахмад Фарух баштаган делегациясын жылуу кабыл алып, ДСУнун Катчылыгы менен бирге даярдалган баяндаманы бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Пакистан өкмөтүнүн COVID-19 пандемиясына каршы натыйжалуу күрөшүн белгиледи, анын натыйжасында экономика 2019-2020-жылдары 0,5%га бир аз төмөндөп, 2021-жылы 4% өсүш калыбына келтирилген. Бул кризис Пакистандын Соода саясаты стратегиясын (2020-2025) өз убагында ишке ашырууга таасирин тийгизген жок.

Эки тараптуу мамилелерге токтолуп, өкүл белгилегендей, өлкөлөр акырындап эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында бара жатышат. Тактап айтканда, келишимдик жана институционалдык база түзүлдү (Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясы).

Максүтов белгилегендей, эки мамлекет тең достук мамилени сактап турганы менен эки тараптуу ишкердик жана экономикалык байланыштар талаптагыдай өнүгө элек. Негизги көйгөй - өлкөлөр ортосунда жүк ташуу үчүн инфраструктуранын жоктугу. Бул контекстте Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында ишке ашыруунун активдүү фазасында турган Кытай-Пакистан экономикалык коридорун пайдалануу белгиленди.

«Биргелешкен аракет менен гана өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө болот. Бул үчүн бизнес менен бизнес-ассоциациялардын ортосундагы байланышты түзүп, өз ара продукцияларды, B2B жана B2G деңгээлиндеги иш-чараларды, өз ара көргөзмөлөрдү көрсөтүү жана рынокко чыгаруу зарыл», - деп баса белгиледи Максүтов.

Соңунда ал Кыргызстан Пакистан менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар жана даяр экенин белгиледи.

Айта кетсек, 2021-жылы Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүү 8,945 млн долларды түздү (экспорт – 1,205 млн доллар, импорт – 7,743 млн доллар). 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода жүгүртүү 21,1%га өстү, анын ичинде импорт 42,6%га өстү, экспорт 36,8%га азайды.

Тэги: Дүйнөлүк Соода Уюму Пакистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть