Кыргызстан Сауд Аравия менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмүн артырууга көңүл бурат

22.03.2022, 09:23 Акчабар
Кыргызстан Сауд Аравия менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмүн артырууга көңүл бурат

Президент Садыр Жапаров кечээ, 21-мартта Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан бин Абдулла Аль Саудду кабыл алып, тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравия ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча пикир алмашты.

Жапаров Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы Кыргызстанга биринчи визити эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүүдө Сауд өнүктүрүү фонду өзгөчө роль ойнорун белгиледи. Тактап айтканда, аталган фонд айыл чарба, саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндөгү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн.

Президент Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине, анын ичинде эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле Садыр Жапаров менен Фейсал бин Фархан бин Абдулла Аль Сауд инвестициялык кызматташуу жаатында аракеттерди чыңдоо зарылдыгын белгилешти.

“Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри КР Президентине караштуу Инвестиция улуттук агенттигинин өкүлдөрүн инвестициялык жана соода-экономикалык чөйрөдө кызматташуунун келечегин талкуулоо максатында Королдукка келип кетүүгө чакырды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Сауд Аравиясынын ортосунда соода, айыл чарба жана экологиялык таза өндүрүмдөрдү экспорттоо чөйрөлөрүндө, туризм жаатында, ошондой эле биргелешкен бир катар долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тэги: Сауд Арабия товар жүгүртүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть