Кыргызстан менен Турциянын товаржүгүртүүсү 190.8 млн $ түздү

15.10.2019, 12:38 Акчабар
Кыргызстан менен Турциянын товаржүгүртүүсү 190.8 млн $ түздү

Жогорку Кеңештин тышкы иштер жана коргоо комитети бүгүн, 15-октябрда «2018 – ж. 9 – апрельде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Турция Республикасынын салымдарын коргоо жана өз ара сыйлоо жобосун ратификациялоо» мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

Долбоор тууралуу маалыматты экономика министринин орун басары Султан Акматов алып келди. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору Турциядан инвестиция тартууга жана Турциядагы кыргызстандык ишкерлерге шарт түзүп берүүгө багытталган. Андан сырткары, бул макулдашуунун айланасында Кыргызстандагы турциялык салымдарды коргоо дагы эске алынган. Ошондой эле келишимде тараптардын экономикалык өсүүсү дагы каралган.

ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев (КСДП) макулдашуунунун алкагында кандай шарттар түзүлө тургандыгын сурады.

Кыргызстан менен Турциянын жарандары үчүн бирдей шарт түзүлгөнүн Султан Акматов билдирди.

«2017 – жылы товаржүгүртүүнүн көлөмү Кыргызстан менен Турциянын ортосунда 356, 1 млн., 2018 – жылы – 394,5 млн.$ түзгөн. 2019 – жылдын январь-август айларында көлөм 190,8 млн. $ жеткен», - деп маалымдады министрдин орун басары.

Тэги: Турция Кыргызстан товаржүгүртүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть