Кыргызстандагы зергерлердин негизги 5 көйгөйү

29.01.2020, 13:45 Акчабар
Кыргызстандагы зергерлердин негизги 5 көйгөйү

31 - январда дүйнө жүзү Эл аралык зергер күнүн белгилейт. Биздин кичине мамлекетибизде жылына 20 тоннадай алтын табылып жаткандыгына байланыштуу, бул майрам Кыргызстан үчүн абдан маанилүү боло алмак. Бул сөз айкашуу «Кыргыз алтыны» деген сөздү эл аралык брендке айланта алмак деген сезим калтырат. Бирок, Кыргыз Республикасында дал ушул зергерчилик тармагы эң талдуу тармактардын бири болуп саналат.

Эл аралык зергер күнүнө карата «Акчабар» зергерлердин эң башкы көйгөйлөрү тууралуу кеп кылат.

Чийки заттын жетишсиздиги

Республикада жыл сайын 20 тоннадай алтын табылып жатканы менен, зергерлер андан араң дегенде 200 килограмм алышат, ал эми минималдуу муктаждыктар жылына 1,5 тоннаны түзөт. Кыргыз алтындын 90 пайыздан ашууну «Кумтөр» кенинде табылып, чет өлкөгө кетет.

Алтын эл аралык алтын валюталуу биржаларга чыгарылып, ал жерден дүйнө жүзү боюнча бекитилген баада сатылат, ага өз баасы менен кошумча баа (50%) кирет. Бирок жеңилдетилген баа менен дагы кыргыз зергерлери алтынсыз калууда.

Кыргызстандын зергерлер ассоциациясынын жетекчиси Сталбек Акматовдун айтымында, өлкөдө 583-пробадагы алтындын бир граммы үчүн коюлган баа боюнча парадоксалдуу кырдаал орногон: анын эл аралык биржадагы баасы бир граммы үчүн 1 миң 615 сомду, ички экинчилик рыногунда 1 миң 580, ал эми «Кыргызалтын» ААКнын баасы 1 миң 695 сомду түзөт.

«Бизге дагы чийки зат калышын каалайбыз, бекер эмес, биз аны сатып алабыз. Бизге Лондон биржасындагы баа менен сатышсын, андан кымбат эмес. Бүгүнкү күндө биз чийки затты 5 пайызга кымбат алып жатабыз»,-деди ал.

Чийки заттын жетишсиздигинен улам чыккан көйгөйдү чечүү үчүн, зергерлер мурун колдонулган зер буюмдарды сатып алууга аргасыз.

Тазалана элек алтын

Бизнесмендердин билдирүүсүнө караганда, региондордо алтынды казган жарандар аны андан ары иштетишпейт. Улуттук банктын убактылуу демилгесине ылайык, тазалана элек алтынды таап жаткан жарандар аны адегенде башка металлдардын кошундуларынан тазалап, уруксат берүүчү документтерди алып, андан кийин гана зергерлерге расмий түрдө сата алышат. Бирок каржылык жөнгө салуучу орган мындай алтындын сатылышына каршы чыгып, мамлекеттин алтын валюталык резерви толтурулушу керектигин айтууда.

«Эгерде Нарында алтын кум таап жаткан жарандарды айта турган болсок, алар үчүн алтынды башка кошундулардан тазалоо үчүн Кара-Балтага баргандан пайда жок, андан көрө алтынды көмүскө рынокто саткан оңой, алар дал ошондой кылып келишет»- деп белгиледи Евразия экономикалык биримдиги ассоциациясынын башчысы Светлана Шапарева.

Көмүскө рыногу

Эсепке кирбеген товар айлануу бюджетке олуттуу чыгым алып келет. Эксперттердин айтымында, алтын тармагы реформаларга муктаж жана учурдагы укук-ченемдик актылары көмүскө рыноктун өнүгүүсүнө көмөктөшүүдө.

Божомол менен ай сайын алтын казгандардын ар бири 50 килограммдай алтын табышат, бирок Улуттук банк алардан 5-10 килограмм алтын гана сатып алат. Калган алтынды алар мыйзамсыз сатканга аргасыз. Бул жыл сайын 600 килограммдан ашуун тазаланбаган алтын көмүскө рынокто сатылат дегенди билдирет.

«Жылына 600 килограммдай алтын табылат. Анын ичинен сиз 5 пайызын гана көрөсүз, калганы көмүскө менен Өзбекстанга жана Кытайга кетет. Биз алтынды өзүнчө тапкан жарандар дагы продукциясын расмий түрдө сата алышын каалайбыз»,- деп белгиледи тегерек столун алкагында Улукбек Кадырбаев.

Биздин импорттук алтын

BizExpert аналитикалык борборунун маалыматына караганда, Кыргыз Республикасына жыл сайын 175 килограммдан ашуун алтын киргизилип, алар жергиликтүү рынокто кымбат баада сатылат. Ал алтындын басымдуу бөлүгү Кыргызстандан өндүрүлгөндүгү маанилүү. Ата-мекендик зергерлер жылына 230 килограммдай жасалгаларды чыгарат, андан да көп өндүрө алышмак, бирок, тилекке каршы, чийки зат жок.

2017-жылы республиканын зергерчилик тармагы салыктар түрүндө мамлекетке 57 миллион сомдой төлөгөн. Зергерлер эгерде чийки зат маселеси чечилсе 5-10 жыл ичинде салыктардын санын он эсеге көбөйтсө болот дейт.

Тармактын начар башкарылышы

Каржы министрлиги алдындагы Кымбат баалуу металлдар департаменти кандайдыр бир деңгээлде рынокту жөнгө салуучу орган болуп эсептелет, ал ишкерлер менен иштешип, алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт. Бирок аталган мекеме такай сынга кабылып келет. Былтыр болсо аны ликвидациялоо тууралуу дагы демилге көтөрүлгөн.

Зергерчилик тармагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев департаменттин өкүлдөрүнө суроо менен кайрылды.

«Кандай ойлойсуз, тармактагы ылайыктуу шарттарды өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү иштерди жүргүзүп жатасызбы? Өнүктүрүүгө кандайдыр бир ченемдерди чыгарып жатканыңарды айтып жатасыз, ал эми биз туюкка келип калдык. Биздин рынокто негизинен Орусия, Түркия жана Индиядан келген зергер буюмдар сатылат. Сиз жакшы мыйзам долбоорун иштеп чыгууңуздар керек, же болбосо бул багытта иштебейбиз деп айтыңыздар», - деди эл өкүлү.

Экономика министри Олег Панкратов дагы департаменттин ишин кайра карап чыгуу керек экендигин белгиледи.

«Мен Каржы министрлигине Кымбат баалуу металлдар департаментинин ишмердүүлүгүнүн пайдасы тууралуу ойлонууну сунуштайм. Алар өздөрүн көзөмөлдөөчү орган катары дагы, саясат иштеп чыгуучу орган катары дагы атап, ал эми бюджетти толтурууну ведомство индикатор катары эсептөөдө. Бул жерде зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө эч кандай мотивация жок»,-деп билдирди ал.

Бул мекемени ликвидациялоо жөнүндө көтөрүлгөн биринчи маселе эмес. Бирок азырынча бул багытта жасалган конкреттүү кадамдар байкала элек.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 40ка жакын зергер завод жана фабрика иштейт. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча аталган тармакты 877 ишкерлик субъектиси көрсөтүп, бирок алардын ичинен 37 ишкана зергер буюмдарын өндүрүү менен жана 50 ишкана оңдоп-түзөө иштери менен алектенери аныкталган. Андан сырткары ар ар кандай түрдөгү 442 дүкөн жана 165 ломбард бар. Расмий эмес маалыматтарга караганда, өлкөдө 6 миңдей адам зергерчилик тармагында эмгектенет. Бирок тармактын өнүгүүсүнө окшош көйгөйлөр эле кайра-кайра тоскоол болуп, абал жылдан-жылга начарлап келет.

Тэги: Кыргызстан зергер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть