Кыргызстанда бир жумада дээрлик 19 миң жол эрежесин бузуу катталды

11.04.2022, 10:30 Акчабар
Кыргызстанда бир жумада дээрлик 19 миң жол эрежесин бузуу катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы бир жумада 18 миң 702 жол эрежесин бузуу катталды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чараларды өтүүдө.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада аныкталган жол кырсыктарынын ичинен транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар, транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандар жана жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандар басымдуу.

Тэги: жол эрежеси мыйзам ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть