Кыргызстанда COVID-19 боюнча акыркы маалыматтарды камтыган портал ишке кирди

04.08.2020, 14:41 Акчабар
Кыргызстанда COVID-19 боюнча акыркы маалыматтарды камтыган портал ишке кирди

Калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында ата мекендик IT адистер Саламаттык сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте жаңы ресурсту иштеп чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августа штабдан билдиришти.

Ал COVID.KG деп аталган коронавирус менен болгон абал боюнча бирдиктүү маалыматтык платформа. Бул жерде мамлекеттик органдар жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө бардык маалыматты жайгаштырат жана бардык кызыкдар тараптар өздөрү үчүн кызыктуу маалыматты таба алышат.

Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча негизги маалыматтар келтирилген:

  • айыккан жана ооруп калган адамдар жөнүндө акыркы жана расмий статистикалык маалымат
  • ачылган стационарлар тууралуу
  • пандемияга каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу,
  • акыркы жаңылыктар
  • Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат
  • Гуманитардык жардам боюнча отчеттор
  • Дүйнөлүк статистика
  • Дарыгерлердин сунуштамалары.


Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Мындан тышкары, бул аянтчада берилген маалыматтын сапаты боюнча атайын сурамжылоо жайгаштырылган.

Онлайн ресурс https://covid.kg/ шилтемеси аркылуу жеткиликтүү.

Тэги: коронавирс штаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть