Кыргызстанда доллардын наркы түшүүдө

17.03.2022, 12:09 Акчабар
Кыргызстанда доллардын наркы түшүүдө

Бүгүн, 17-мартка карата Кыргызстандагы бир катар коммерциялык банктарда АКШ долларынын курсу бир аз төмөндөгөнү байкалды. Тактап айтканда, комбанктарда доллардын курсу орточо эсеп менен 98 сомго түштү.

Коммерциялык банктарда доллар 97-98 сомго сатып алынып, 100-101 сомго сатылууда.

Евро 107-109 сомго сатып алынып, 110-112 сомго чейин сатылууда.

Ал эми орус рубли 0,90 тыйындан сатып алынып, 1,10-1,12 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 104,9626 сом, евро 115,3539 сом, рубль 0,9237 деп көрсөтүлгөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, өткөн аптада доллардын сомго карата курсу тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, коммерциялык банктарда бир АКШ доллары 106-107 сомдон сатылып жаткан.

Тэги: АКШ доллары валюталар курсу коммерциялык банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть