Кыргызстанда электрондук рейддик салык көзөмөл ишке кирди

21.11.2022, 12:05 Акчабар
Кыргызстанда электрондук рейддик салык көзөмөл ишке кирди

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын ноябрынан тартып "Электрондук рейддик салык контролу" (Э-Рейд) системасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Э-Рейдди жүргүзүү үчүн атайын салык режими бөлүгүндө контролдук иш-чараларга катышкан аймактык салык органдарынын кызматкерлери зарыл болгон техникалык талаптарга жооп берген 300 планшет менен камсыз болушту.

Э-Рейд – борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система, анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Системада бардык жүргүзүлгөн рейддик контроль жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат, алардын негизинде рейддик текшерүүгө жаткан субъекттерди текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Система тобокелдиктерди автоматтык түрдө эсептөөгө, керектүү маалыматтарды киргизгенден кийин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүүгө жана маалыматтарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда салык төлөөчү “электрондук графикалык кол тамга” же “eIDнин жардамы менен кол тамга” функциясы менен электрондук документке кол коё алат.

Мындан тышкары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө салык органдарынын кызматкерлери жеринде планшеттердин жардамы менен "Ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук картасына" тиешелүү маалыматтарды (анын ичинде толуктоолорду/өзгөртүүлөрдү) киргизишет.

Э-Рейдди колдонуу маалымат издөөгө же документтерди толтурууга кеткен убакытты кыйла кыскартат.

Тэги: салык рейд система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть