Кыргызстанда ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

29.04.2022, 09:15 Акчабар
Кыргызстанда ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышканы өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ведомствого караштуу Жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев ички каттамдардын санын көбөйтүү максатында кичи авиацияны өнүктүрүү, ошондой эле жарандык авиация тармагында кадрларды даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Бакыт Төрөбаев министрликтин алдына ички каттамдардын санын көбөйтүү, тиешелүү кадрларды даярдоо жана ички аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу максатында кичи авиацияны өнүктүрүү жаатында мамлекеттик программаны кабыл алуу боюнча чечимдин долбоорун даярдоо милдетин койду.

Белгиленгендей, жакынкы аралыкта ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт.

Ошондой эле ал ведомствого ата мекендик авиакомпанияларды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгаруу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Тэги: авиация минкаб аба каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть