Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет

06.04.2022, 12:15 Акчабар
Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет

Өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет. Бул тууралуу Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев республиканын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен кеңешмесинде билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеши керек, бул үчүн 5 университеттин өзгөчө статусу бекитилет.

“Аларга экономикалык жана өндүрүштүк эркиндик берилет, ошондой эле алар стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитүү, филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачуу жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: универститет билим берүү статус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть