Кыргызстандан Орусияга учууга туруктуу каттамдардын графиги жарыяланды

10.08.2020, 18:00 Акчабар
Кыргызстандан Орусияга учууга туруктуу каттамдардын графиги жарыяланды

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкек жана Ош шаарларынан Орусияга учууга туруктуу каттамдардын графигин жарыялады.

Маалыматка ылайык, өлкөгө келген орусиялык жарандар кетерден мурун мамлекеттик кызматтар порталында атайын форма толтурушу керек. Орусияга келген күндөн тартып үч күндүн ичинде, ПЦР-анализ тапшырып, анын жыйынтыгы жөнүндө маалыматты андан ары Роспотребнадзорго жеткирүү үчүн мамлекеттик кызматтардын порталына жүктөө керек.

Кыргыз жарандары Орусияга кандай шартта учуп кете алышат?

1) Ата-энеси, жубайы (күйөөсү) же балдары Орусиянын жараны болсо;

2) Орусиянын аймагында жашап турууга уруксаты бар адамдар (ВНЖ);

3) Медициналык мекемелердин чакыруусу боюнча.

Кыргыз жарандары "Бонецкий" лабораториясынын акыркы үч күндүн ичиндеги ПЦР-анализинин жыйынтыгы болушу керек. Анализдин жыйынтыгы Орусиядан интернет аркылуу көрүүгө мүмкүн болгон "Бонецкий" лабораториясынан гана аныкталышы керек.

Каттамдардын тизмеси:

12-августта Ош-Москва (убактысы такталууда);

12-августта Бишкек-Екатеринбург (убактысы такталууда);

15-августта Бишкек-Санкт-Петербург (убактысы такталууда);

16-августта Бишкек-Москва (саат 16:20 "Аэрофлот" авиакомпаниясы);

16-августта Ош-Санкт-Петербург (убактысы такталууда);

26-августта Ош-Москва (саат 07:45 "S7" авиакомпаниясы).

Тэги: Манас аэропорт Орусияга каттам авиакаттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть