Кыргызстандын жарандары ипотекалык насыяны 10% ченде ала алышат

13.08.2020, 13:30 Акчабар
Кыргызстандын жарандары ипотекалык насыяны 10% ченде ала алышат

Кыргызстандын жарандары ипотекалык насыяны 10% ченде ала алышат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 13-августа Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Эльмира Абжапарова брифингде билдирди.

"Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу максатында Кыргыз Өкмөтү менен ГФРнын Өкмөтүнүн ортосунда Германиянын өнүктүрүү банкы аркылуу 10,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык жарандарына ипотекалык насыя берилет, ошонун ичинде, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары, патенттик негизде иштеп жаткан, бюджеттен тышкаркы чөйрөдө иштегендерге", - деп билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун ипотекалык насыялары "Кыргызстан", "РСК Банк" жана "Кыргыз инвестициялык-насыялык банкы" коммерциялык банктары аркылуу жылдык 10% чен боюнча 15 жылдык мөөнөткө берилет. Долбоордун алкагында 153 насыя 158 млн сом берилди.

Тэги: ипотека ипотека пайызы азайды патент менен иштөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть