Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун кезектеги партиясы келди

09.03.2022, 17:38 Акчабар
Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун кезектеги партиясы келди

Бүгүн, 9-март күнү 30 даана жүк ташуучу жарым вагондор жана 1 км жаңы Р65 тибиндеги рельстер келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жүк ташуучу жарым вагон атмосфералык жаан-чачындан коргоону талап кылбаган жүктөрдү, мисалы, борпоң, кесек, даана жүктөрдү, курулуш материалдарын, металл конструкцияларын ж.б ташыйт.

“Р65 тибиндеги рельстин 1 метринин салмагы 65 кг түзөт, ал P43, P50 типтердеги рельстин түрүнө караганда бышыгыраак келет. Рельстердин кезектеги партиялары келген сайын, эски рельстерди жаңысына алмаштыруу иштери жүрүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылы ишкана өз каражаттарынын эсебинен 100 даана жарым вагондорду, 20 км жаңы рельстерди сатып алган.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 50 даана жарым вагон, 11 км Р65 тибиндеги рельс келген.

Тэги: Кыргыз темир жолу жарым вагон

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть