«Кыргызтелекомдо» кадрдык өзгөрүүлөр болду

18.03.2021, 11:30 Акчабар
«Кыргызтелекомдо» кадрдык өзгөрүүлөр болду

«Кыргызтелекомдун» директорлор кеңешинин төрагасынын жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат.

Директорлор кеңешинин чечими менен Алмазбек Рахманкулов ээлеген кызматынан бошотулду. Андан сырткары, башкаруу мүчөлөрү Эмил Акматов жана Азамат Имантуровдор дагы кызматтарынан бошотулган.

Кошумчалай кетсек, директорлор кеңешинин өкүлүнүн ордуна Маралбу Биан, башкаруу мүчөлөрүнө Гулиза Чапаева жана Изат Эсенамановдор дайындалган.

Тэги: Кыргызтелеком директорлор кеңеши төрага

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть