Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды

02.10.2020, 16:30 Акчабар
Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруучу Мирлан Парханов Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча SECO долбоорунун өкүлдөрү Гулнура Жаныбаева жана Йоханесс Худобо менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, SECO долбоорунун өкүлдөрү өлкөдөгү кышкы туризмди өнүктүрүү багытындагы долбоорлор тууралуу айтып беришкен.

«Биздин долбоордун максаты – Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүү. Долбоор алты багыт боюнча ишке ашырылат, алардын ичинде Мамагенттик менен биздин кызматташтыктын негизи боло тургандар дагы бар. Коронавирустук инфекция менен кырдаалга байланыштуу бул жылы эл аралык туристтердин саны төмөн болот деп болжолдосо болот. Ошондуктан ички туристтерге көңүл буруу зарыл, спорттун кышкы түрлөрүн өлкөнүн жаштарынын арасында популяризациялоо өтө актуалдуу. Ошондой эле иш-чаралар планында спорттун кышкы түрлөрү боюнча балдар үчүн спорттук мектептерди жана тоо лыжа жана сноуборд инструкторлорунун ассоциациясын өнүктүрүү пландалууда», – деп айтты Гулнура Жаныбаева.

Мирлан Парханов Кыргызстанда спорттун кышкы түрлөрүн пропагандалоо активдүү жүрүп жаткандыгын белгилеген.

«Бүгүнкү күндө пропаганда жүрүп жатат, биз ушул пропаганданы күчөтүп, спорттун түрү сүйүүчүлөрдүн деңгээлинен профессионалдардын деңгээлине өсүш үчүн биз биргеликте системалык чараларды көрө алабыз», - деди Парханов.

Мамагенттиктин директорунун милдеттерин аткаруучу аталган долбоордун алкагында спорттун кышкы түрлөрү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептердин машыктыруучуларынын квалификациясын жогорулатуу маселесин карап чыгуу мүмкүн экенин билдирди.

Тэги: туризм SECO долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть