2020-жылдын май айында республиканын экономикасында төмөндөө байкалды

11.06.2020, 10:00 Акчабар
2020-жылдын май айында республиканын экономикасында төмөндөө байкалды

Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-май айларында, алдын ала баалоо боюнча, 186 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 4,8 пайызга азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-майда ИДП көлөмү 161 миллиард сомду түзүп, 6,4 пайызга азайган.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-майда 124 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-майга салыштырмалуу 0,2 пайызга азайды, бул чийки мунайзатты өндүрүүнүн (65,9 пайыз), жыгачты жана кагаз иштетүүнүн (25,4 пайыз), резина жана пластмасса буюмдарынын жана металлдык эмнес буюмдардын (21,9 пайыз), текстиль, кийим, бут кийим өндүрүшүнүн, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдардын өнүдүрүшүнүн (13,3 пайыз) азайгандыгына, ошондой эле тамак-аш продуктулар өндүрүшүнүн, анын ичинде суу ичимдиктери менен тамеки өндүрүүңүнүн (4,0 пайыз) кыскарганына байланыштуу.

Тэги: Ички дүң продукт ИДП январь-май айлар млрд сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть