Мамэкотехинспекция тарабынан пансионат, санаторий, лагерлерде текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Медетбек Маметов билдирди.
«2019-жылдын 1-январында ишкерлик субъекттерди текшерүүгө киргизилген мораторийге байланыштуу эс алуучу мекемелерде − пансионат, курорт, санаторий, лагерь жана башка жерлерде текшерүү жүргүзүлбөйт», - деди ал.