Мамкаттоо Калкты тейлөө борборлоруна Earlyone аркылуу онлайн-каттоону киргизди

13.07.2020, 15:55 Акчабар
Мамкаттоо Калкты тейлөө борборлоруна Earlyone аркылуу онлайн-каттоону киргизди

Өлкөнү санариптештирүү боюнча жүрүп жаткан жараяндарынын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы Earlyone мобилдик платформасы аркылуу онлайн каттоо системасын киргизди.

Система КТБна (калкты тейлөө борбору) келүүнү пландоого жол берет. Пилоттук сыноонун негизинде 13 июлдан тарта система Аламүдүн районунун Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан КТБ-4тө ишке киргизилет. Кызмат менен колдонуу үчүчн Earlyone тиркемесин Play Market же App Store аркылуу көчүрүү керек.

1 кадам: Өлкөнү тандоо (Кыргызстан) жана ылайыктуу тилди (орус же кыргыз тилин).

2 кадам: Пайда болгон терезеде КТБ тандоо (бүгүнкү күндө долбоор 4-КТБнун ишмердүүлүгүнүн негизинде башталууда), керектлеген дата, убакыт жана кызматты тандоо керектелет. Тиркеме кодду түзүп, электрондук кезек системасында орун жаратат.

3-кадам: КТБна келип, электрондук кезек терминалына барып, мурун тиркемеде пайда болгон кодду киргизүү керек болот. Талондун номери кызматты алуудагы күтүү залындагы электрондук экранга чыгарылат.

Аталган долбоор армениялык адам агымдарын башкарууга багытталган Earlyone ишканасынын техникалык колдоосу менен 1 жыл ичинде аткарылат.

Долбоордун алкагында армениялык Earlyone ишканасы Софтлайн расмий өнөктөшүнүн колдоосу менен системаны бир КТБна киргизүү үчүчн бекер негизде терминалдар жана программалык камсыздоо менен камсыздап берет.

Тэги: Earlyone мамкаттоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть