Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин 23 пайызы билим берүү тармагына бөлүнөт. Бул тууралуу Бишкектеги илимий-практикалык конференцияда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.
Ал кошумчалагандай, бул орто эсеп менен ички дүң өнүмдүн 7 пайызын түзөт жана былтыр дээрлик 40 миллиард сомго жетти.