Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө 5.4 млрд сом жумшалган

12.03.2020, 09:55 Акчабар
Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө 5.4 млрд сом жумшалган

2020-жылдын 2 айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 5 млрд 362 млн сом жумшалган. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө 1 млрд 655.5 млн сом, мамлекеттик ички карызды төлөөгө - 3 млрд 706.5 млн сом жумшалган.

Кошумчалай кетсек, февраль айында мамлекеттик карызды жабууга 2 млрд 797.9 млн сом бөлүнгөн. Бул январь айына салыштырмалуу 9.1% көп болгон.

Эске сала кетсек, ведомство берген маалыматка ылайык 2020-жылы Кыргызстан мамлекеттик карызды жабууга 28.8 млрд сом жумшайт.

Тэги: Мамлекеттик карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть